Владимир Сипягин: Евразия университеттеринин форуму кесиптик кадрларды даярдоодо маанилүү аянтча

Башкы Жаңылыктар

Владимир Сипягин: Евразия университеттеринин форуму кесиптик кадрларды даярдоодо маанилүү аянтча

Image

Орусиянын Мамлекеттик думасынын илим жана жогорку билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Сипягин Евразия университеттеринин форуму кесиптик кадрларды даярдоодо эл аралык кызматташтыктын маанилүү аянтчасы болорун айтты. 

“Евразия университеттеринин форуму бул илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык коллаборация. Орусия бул багытта чоң тажрыйбага ээ жана аны өнөктөштөр менен бөлүшүүгө даярбыз”, — деди ал.

Сипягин ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграцияны тереңдетүү зарылдыгын белгилеп, мүчө мамлекеттердин ортосундагы билим берүү боюнча байланышты чыңдоо маанилүү экенин кошумчалады.

«Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму 22-октябрдан 23-октябрга чейин ОшМУнун базасында уланат. Бүгүн коноктор университеттин окутуучулардын, студенттердин илимий долбоорлору, стартаптары коюлган көргөзмө менен таанышты. Форумдун алкагында эксперттик баяндамалар жасалып, ЕТУнун координациялык кеңешинин жыйыны өтөт. Андан сырткары бир катар эл аралык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

 

Фото галерея