Студенттер  арасында «Social IQ» аталышында акыл таймашы өттү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер  арасында «Social IQ» аталышында акыл таймашы өттү

Image

Оштогу жогорку окуу жайларда социалдык иштер адистигинде билим алган студенттер арасында 21-октябрда «Social IQ» аталышындагы акыл таймашы уюштурулду. Анда үч окуу жайдын — Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин командалары күч сынашты.

Мелдеште катышуучулардын билимин, логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн аныктоочу суроолор берилди. Жыйынтыгында Ош технологиялык университети жеңүүчү болду.   

Акыл таймашын ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер кафедрасы уюштурду. «Инклюзия» студенттик илимий-практикалык кружоктун иш планынын алкагында 19-октябрь — Социалдык кызматкерлер жана кесиптик бирлик күнүнө карата демилгеленген. Негизги максаты – социалдык иштер адистигиндеги студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, жогорку окуу жайлар ортосундагы достук байланышты бекемдөө болуп саналат. 

Фото галерея