Форумдун алкагында ОшМУ бир нече окуу жайлар менен кызматташуу келишимин түздү

Башкы Жаңылыктар

Форумдун алкагында ОшМУ бир нече окуу жайлар менен кызматташуу келишимин түздү

Image

«Евразиялык тармактык университет» консорциумунун III форумунун алкагында Ош мамлекеттик университети менен төрт университеттин ортосунда кызматташуу келишими жетишилди. Алар – Башкаруу мамлекеттик университети, Марий мамлекеттик университети, В.Н. Татищев атындагы Астрахань мамлекеттик университети жана Кыргыз экономикалык университети.

Кол коюуга ректорлор Кудайберди Кожобеков, Владимир Строев, Михаил Швецов, Игорь Алексеев жана Гульназ Супаева  катышты. Документте билим берүү жана илим изилдөө тармактарында өз ара тажрыйба алмашууну ишке ашыруу каралган. Ошондой эле студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн жандантуу, ар тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Бүгүн форумдун алкагында өтө турган Евразиялык тармактык университеттердин координациялык кеңешинин жыйынында Кудайберди Кожобеков Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин окумуштууларынын, инженерлеринин жана ишкерлеринин “Инновациялык технологиялар борбору” аттуу ассоциациясын түзүү боюнча сунуш берери күтүлүүдө. Муну менен Ош мамлекеттик университети эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү аркылуу билим берүү программаларын жогорулатып, илимий потенциалын чыңдоого умтулууда.

Фото галерея