22-октябрда Ош мамлекеттик университетинин базасында ЭРАСМУС+ ДЕФА “Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү” эл аралык долбоорунун алкагында жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага долбоордун координатору, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, профессор Мирлан Чыныбаев жетекчилик кылды. Жолугушууга ОшМУнун жетекчилиги, долбоордун ишке ашырылышына жооптуу жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.
Жыйында Ош мамлекеттик университетине жүктөлгөн иштердин аткарылышы боюнча төрт негизги маселе талкууланды. Алар – окуу жайга жүктөлгөн милдетттердин аткарылышы, даярдап чыккан документтердин башка ЖОЖдордо аткарылышы жана ОшМУда долбоордун ишке ашырылышы боюнча жалпы отчет.