Жекелик каналына чектеш жайгашкан ОшМУнун бетон панел кампасы жана анын айланасындагы көмөкчү курулмалар (навестер) бузулуп, аймакты бошотуу иштери жүрөт.
Себеби, кампа менен унаа токтоочу жай Ош шаарынын жашыл зонасынын аймагына кирип калган. Бул тууралуу 22-октябрда өткөн Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйынында айтылып, чечим кабыл алынды. Ошондой эле кампада турган эски курулуш материалдарын жана отундарды сатууга коюп, каржатты университеттин эсебине түшүрүү сунушу каралды.
Мындан сырткары ОшМУнун онкологиялык ооруларды эрте аныктоо боюнча инновациялык изилдөө борборун түзүү, Табият таануу, туризм жана дене тарбия институтунун имаратынын фасадын оңдоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин аткаруу үчүн ОшМУнун курулуш планына өзгөртүү киргизип кошумча каржаттарды бөлүп берүү айтылды.
Окуу жайдагы бардык штаттык бирдиктер жана студенттик жатаканалардын жашоочуларынын 2025-2026-окуу жылына карата төлөө тарифтери сыяктуу маселелерге да тиешелүү чечимдер чыкты.
Жыйынга Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов, кеңештин мүчөлөрү, тиешелүү адистер катышты.