«Мындан аркы илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ОшМУнун «Ломоносов» борбору дем берет».
Мындай пикирин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын илим жана жогорку билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Сипягин «Евразиялык тармактык университет» консорциумунун III форумунун катышуучулары аталган борбор менен таанышуу учурунда билдирди.
Коноктор мындан тышкары университеттин Бизнес паркына жана Медициналык клиникасына да барышты. Алар заманбап медициналык жабдууларды, операциялык блокторду жана лабораторияларды көрүштү. Клиникадагы хирургия, трансплантология жана кардиология багыттарындагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө күбө болушту.
Делегациянын көңүлүн өзгөчө Эл аралык медициналык факультетте Индия жана башка өлкөлөрдөн келип билим алып жаткан миңдеген студенттер бурду.
«Евразиялык тармактык университет» консорциумунун III форуму бүгүн жыйынтыкталат