Ош мамлекеттик университетинин бир катар факультет жана институттарында алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча окутуулар уюштурулду.
Анда катышуучуларга окутуунун жаңы методдору боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле педагогикалык ишмердүүлүктө инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашышты.
Окутууну «ОшМУнун заманбап лектору – 2025» жана «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2025» сынактарынын жеңүүчүлөрү — Саид Али Аббас, Бурулча Койлубаева, Айниса Айтиева, Мээрим Таалайбек кызы, Айжамал Абдиева жана «Педагогикалык дебют – 2025» сынагынын жеңүүчүсү Сайкал Данияровалар өтүштү.
Семинар ОшМУдагы педагогикалык өнүгүү жана кесиптик компетенцияны жогорулатуу максатында уюштурулууда.