Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары Кара-Суунун Папан айыл аймагындагы Шут жайлоосуна илимий экспедиция жүргүзүп, болжол менен биздин заманга чейинки II–I кылымдарга таандык жаңы археологиялык эстеликти изилдеп келишти.
Экспедицияны демилгелеген геоэколог Абдижапар Аккуловдун айтымында, иликтөө маалында эстелик жайгашкан аймактан көптөгөн керамикалык сыныктар, жаргылчактардын калдыктары жана петроглифтер (ташка чегилген сүрөттөр) табылган. Алдын ала баалоолорго ылайык, керамикалар эрте темир дооруна, ал эми петроглифтер түрк дооруна чейинки мезгилге (б.з. VI кылымга чейин) таандык болушу мүмкүн.
Бул табылгалар аймактын байыркы маданий жана чарбалык турмушун изилдөө үчүн өтө баалуу материалдык булак катары каралууда. Жакынкы убакта эстелик боюнча паспорттук маалымат даярдалып, аны Маданият, маалымат жана жаштар министрлигинин тарых жана маданий мурастар реестрине киргизүү сунушталат.
Илимий топтун курамында Абдижапар Аккулов, ОшМУнун Тарых-юридика институтунун кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын доценттери, тарых илимдеринин кандидаттары Сабыр Арстанов, Салтанат Алишер кызы жана аспирант Куттубек Орунбай уулу бар.Ошондой эле жергиликтүү тургундар жана токой чарбасынын кызматкерлери да активдүү катышып, колдоо көрсөтүшкөн.
Аккулов быйыл февраль айында бул аймакка жергиликтүү активисттердин чакыруусу менен келип, уникалдуу токой массивдеринин жана жайыттардын абалы менен таанышканын белгиледи. Ошондой эле учурдагы климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо боюнча эксперименталдык иштерди жүргүзүү багытында Ош токой чарбасынын жетекчилиги менен да сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Дал ошол сапар маалында илимпоз бул аймактагы эски конуштардын жана кызыктуу курулуштардын издерин байкаган.
Адистердин айтымында, археологиялык объектти мындан ары терең жана комплекстүү изилдөө аймактын байыркы доордогу тарыхына жаңы көз караш алып келиши мүмкүн. Ошондой эле Шут жайлоосунун өзгөчө табигый ландшафты эске алганда, бул аймакты экологиялык жана тарыхый туризмдин жаңы борборуна айлантуу мүмкүнчүлүгү да жогору.
Бул экспедиция ОшМУнун илимий коомчулугу үчүн гана эмес, өлкөнүн түштүк аймагынын тарыхын жана маданий мурастарын сактоо ишине кошкон маанилүү салым болуп саналат.