Окутуучулар “Жаш окумуштуулар жана инноваторлор” сынагында жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар “Жаш окумуштуулар жана инноваторлор” сынагында жеңишке жетти

Image

 

11-ноябрда Бишкек шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги уюштурган жаш окумуштуулар, инноваторлор арасындагы республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Ош мамлекеттик университетинин жаш окумуштуулары да бир катар сыйлыктарга ээ болушту. Алсак, Эл аралык медицина факультетинин акушердик, гинекология жана хирургия дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу, аспирант Вероника Турсунова «Жылдын мыкты илимий макаласы» номинациясы боюнча 1-даражадагы дипломго ээ болду. Ал сынакка Scopus базасындагы Q1 квартилинде жарыяланган “Кыргызстандагы кош бойлуу аялдардын саламаттыгына сымаптын таасири боюнча изилдөө (Айдаркен – Кара-Суу)” аттуу илимий макаласы менен катышкан. 

Ал эми 3-даражадагы диплом менен аталган факультеттин  саламаттыкты сактоо далилдүү медицина курсу менен кафедрасынын окутуучусу, PhD докторанты Айжаркын Акжолтоева сыйланды. Ал дагы сынакка Q2 квартилинде жарыяланган “Кыргызстандагы медициналык мекемелердеги инфекциялык көзөмөл системасы боюнча илимий-аналитикалык изилдөө” аталышындагы макаласы менен катышкан.

Сынак жаштардын илимий, изилдөөчүлүк жана инновациялык аракеттерин колдоо, жаңы идеяларды жана технологиялык чечимдерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында уюштурулган. 

Фото галерея