“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларына жана студенттерге кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы боюнча маалымат берди. Жолугушуу бүгүн, 13-ноябрда окуу жайда болду.
Ал өз сөзүндө кыргыз тилин окутуунун санариптик платформасынын ишке кириши учурдагы билим берүү процессинин заманбап талабына жооп берерин белгиледи. Бул саамалык тилди жогорку деңгээлде үйрөнүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Ошондой эле Батма Топоева-Ставинская платформа менен иштөө ыкмаларын көрсөтүп, анын өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Анын айтымында, платформа мамлекеттик тилди үйрөнүүнү санарип форматта уюштурууга арналган. Анда мультимедиялык каражаттарды колдонуу менен угуу жана окуу аркылуу түшүнүү, өз оюн жазуу, оозеки билдирүү сыяктуу тилдик көндүмдөрдү өнүктүрүү ыкмалары камтылган. Ошондой эле окуу материалдары, тесттер, көнүгүүлөр жана башка билим берүү ресурстары сунушталат.
“Кыргызтест” системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык платформа төрт негизги бөлүктөн турат. Алар: