Индустриалдык-педагогикалык колледждин окутуучулары Каныкей Кожоева, Мукаддас Жарматова жана Кызжибек Темирова Манас шаарында жайгашкан Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде иш сапарда болушту.
Алар университеттин Экономика жана укук колледжи, Педагогикалык колледждиндеги студенттерге, окутуучуларга конок лекцияларды окуп, практикалык сабактарды өтүштү. Конок лекциялар педагогика, психология жана эне тилин окутуунун методикасы темаларында болду. Мында студенттерге теориялык маалыматтар берилди. Лекциялар практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга багытталды.
Ошондой эле социалдык иштер адистигин окутуудагы жаңы ыкмалар менен бөлүшүштү. Аны менен катар компетенттүүлүктү калыптандыруу жана дуалдык окутууну ишке ашуурунун жолдору талкууланды.
Иш-чара эки тараптуу тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүп, билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты дагы бир жолу бекемдеди.