Окутуучулар Вьетнамдын Nha Trang University университетинде кызматташтыкты кеңейтүүнү сүйлөштү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Вьетнамдын Nha Trang University университетинде кызматташтыкты кеңейтүүнү сүйлөштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин делегациясы Вьетнамдагы Nha Trang University университетине иш сапар менен барып, эки окуу жай ортосунда кызматташтыкты жолго коюу максатында бир катар жолугушууларды өткөрдү. 

Делегацияны профессор Мейлихан Алтынбаева жетектеп, курамында химия илимдеринин доктору Майрам Абдуллаева, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Райхан Турганбаева жана Медициналык колледждин окутуучусу Гулмира Жакыпова болду.

Сапардын жүрүшүндө делегация университеттин жетекчилиги менен жолукту. Тараптар академиялык алмашуу, биргелешкен илимий жана заманбап долбоорлор, кадрларды даярдоо багытында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле келечектүү багыттарды аныктап, узак мөөнөттүү өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюу боюнча алгачкы кадамдар жасалды.

Nha Trang University 1959-жылы негизделген жана жогорку аккредитацияга ээ болгон окуу жай. Вьетнамдагы мамлекеттик сапат баалоосунан өткөн алдыңкы 20 окуу жайдын катарына кирет. 2024-жылы UPM рейтинг системасы боюнча беш жылдыздуу баага ээ болгон.
 

Фото галерея