Тарых жана юридика институтунун мамлекет жана укук теориясы менен тарыхы кафедрасынын доценти Марат Татенов, Криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши кафедрасынын улук окутуучусу Куштарбек Жусупбаев Москвадагы Башкаруу университетинде тажрыйба алмашып келишти.
Тажрыйба алмашуу 21-ноябрдан 26-ноябрга чейин созулду. Иш-чара «Евразиялык мейкиндикте билим берүү интенсивдерин уюштуруу боюнча компетенцияларды өнүктүрүү» темасында уланган. Программанын жүрүшүндө катышуучулар «Евразия экономикалык бирлигинин модели», «Бизнес-аксиома» интерактивдүү тренингдерине жана ишкердик оюндарга катышты.
Ошондой эле Башкаруу университетинин, Москва мамлекеттик юридикалык университетинин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын ишмердүүлүгү менен таанышып, келечектеги биргелешкен долбоорлор боюнча пикир алмашышты. Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.
Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын жогорку окуу жайларынын окутуучулардын бириктирген тажрыйба алмашуу программасы «Евразиялык желе университети» илимий-билим берүү консорциумунун чет өлкөлүк билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн уюштурулду.