Ош мамлекеттик университетинин базасында бүгүн, 2-декабрда айым-режиссерлордун VII эл аралык кинофоруму башталды.
Иш-чара 5-декабрга чейин Ош шаарында уланып, кинематография тармагындагы айымдардын чыгармачылыгын, экология жана билим берүү багыттарын баса белгилеп, климаттык өзгөрүүлөр, жаштар жана тоолуу аймактардын өз ара байланышын изилдөө максатын көздөйт.
Кинофорум Кыргызстандын эл артисти, актриса Гүлсара Ажыбековага, тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу программасын колдоого жана Эл аралык тоолор күнүнө арналган. Форумдун ачылышы жана жабылышы Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өтүп, тасмалар "Семетей" кинотеатрында көрсөтүлөт.
Быйылкы кинофорумдун алкагында «Айымдардын көз карашы» программасы боюнча 16 тасма көрсөтүлүп, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келген айым-режиссерлордун эмгектери көрсөтүлөт. Мындан тышкары «Экологиялык жана социалдык активизм» программасында тогуз тасма камтылган. Форумдун өзгөчөлүгү катары, бул жылы алгач ирет экология темасындагы фильмдердин программасы кошулду.
Иш-чараны ОшМУнун Кинематография департаменти жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси каржылайт. Окуу жайдын Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов иш-чарада эксперт катары катышууда.