Анжиян мамлекеттик университетинин окутуучусу конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Анжиян мамлекеттик университетинин окутуучусу конок лекция окуду

Image

4-мартта ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун орус жана салыштырма тил илими кафедрасында Анжиян мамлекеттик университети тарабынан конок лекция уюштурулду.

Лекцияны аталган университеттин окутуучусу Мавжудахон Ураимова «Орус тили жана адабияты сабактарында сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн инновациялык окутуу ыкмалары» темасында өттү. Ал заманбап педагогикалык технологиялар, интерактивдүү ыкмалар, студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жолдору тууралуу маалымат берди.

Иш-чара студенттер менен окутуучулардын кесиптик билимин тереңдетүү, илимий-методикалык тажрыйба алмашуу, эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулду.

Жолугушууда мындай кызматташтык биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууда, методикалык материалдарды алмашууда, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүдө жана кош тилдүүлүк менен маданият аралык билим берүү багытында адистерди даярдоодо маанилүү экени белгиленди.

 

Фото галерея