Окутуучулардын эмгектери «СУУ» көргөзмөсүнө коюлду

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулардын эмгектери «СУУ» көргөзмөсүнө коюлду

Image

5-мартта Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде «СУУ» аттуу көргөзмө ачылып, анда Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Дизайн кафедрасынын окутуучуларынын чыгармалары да сунушталды. 

Көргөзмөгө окутуучулар Кимия Төрөгелдиева, Чолпон Алмазбекова, Рахима Абдырасулова, Рано Маматурдиева жана Жаңылай Уруксатбек кызынын живопись, графика, декоративдик-колдонмо искусство багытындагы эмгектери коюлду. Ошондой эле фотосүрөттөр жана инсталляциялар көргөзмөнүн экспозициясына киргизилген.

Сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде суу ресурстарынын мааниси, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири, ушул шарттарда аялдардын коомдогу ролу жана мүмкүнчүлүктөрү көркөм образдар аркылуу чагылдырылган.

«СУУ» көргөзмөсү аял сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын колдоого, гендердик теңчилик маселелерине көңүл бурууга, заманбап менен салттуу искусство аркылуу маданий диалогду кеңейтүүгө багытталган. Иш-чара Ош облустук көркөм сүрөт музейи тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы, Тынчтык куруу фонду жана Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулду. 

 

Фото галерея