6-мартта Ош мамлекеттик университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Салтанатта университеттин 200гө жакын кызматкери сыйланды.
Ректор Кудайберди Кожобеков айымдарды майрамы менен куттуктап, алардын билим берүү, илим жана коомдук иштердеги салымы чоң экенин белгиледи.
Майрамдын алкагында кызматкерлерге университеттин медалы, Ардак грамотасы жана Алкыш баракчалары тапшырылып, акчалай сыйлыктар да берилди. Ошондой эле университеттин Кесиптик бирлиги уюштурган волейбол турниринин жыйынтыгы чыгарылды. Коллеждер арасында Медициналык коллеждин командасы жеңүүчү болду. Институттар жана факультеттер арасында биринчи орунду Кыргыз–Кытай факультетинин командасы ээледи.
Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары мелдештин мыкты оюнчусу, чабуулчусу, коргоочусу жана тосмочусу аныкталып, аларга да белектер берилди.
Майрамдык иш-чара концерттик номерлер жана куттуктоолор менен коштолду.