3-апрелде Ош мамлекеттик университетинде орто кесиптик окуу жайлардын 1-курс студенттери арасында математика боюнча олимпиаданын төртүнчү туру өткөрүлдү.
Олимпиадага Ош шаарындагы коллеждердин студенттери катышып, өз билимдерин сынашты. Жыйынтыгында биринчи орунду ОшМУнун STEM инновациялык коллежинин студенти Мохира Мамашарипова ээледи.
Экинчи орунга Индустриалдык-педагогикалык коллежинин студенти Муштарибону Косимова жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин студенти Бегимай Караева татыды. Үчүнчү орунду Бегимай Караева, Асема Туташова жана Сора Дехканова ээлешти. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.
Олимпиада студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, илимге болгон кызыгуусун арттыруу жана окуу жайлар арасындагы кызматташууну бекемдөө максатында уюштурулду.