Индустриалдык-педагогикалык коллежи улуттук рейтингде экинчи орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Индустриалдык-педагогикалык коллежи улуттук рейтингде экинчи орунду ээледи

Image

2025–2026-окуу жылында Көз карандысыз аккредитация, рейтинг жана лицензиялоо институту өткөргөн II улуттук рейтингдин жыйынтыгында ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежи республика боюнча алдыңкы окуу жайлардын катарына кирди.

Бул көрсөткүч билим берүүнүн сапаты, туруктуу өнүгүү, кесипкөйлүккө негизделген ишмердүүлүк менен байланыштырылууда.

Аталган коллеж буга чейин да жогорку жыйынтык көрсөткөн. 2024–2025-окуу жылында өткөн биринчи Улуттук рейтингде биринчи орунду багындырган. Мындай жетишкендиктер окуу жайдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, билим берүү тармагындагы лидерлик позициясын бекемдеп жатат.

Индустриалдык-педагогикалык коллеж 2018-жылы ачылып, Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү” программасынын алкагында түзүлгөн. Ошондон бери мында Алдыңкы тажрыйба борбору иштеп, студенттер 7 багыт боюнча орто кесиптик билим алышат.

Фото галерея