Окутуучулар жасалма интеллект боюнча Өзбекстанда тажрыйба алмашты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар жасалма интеллект боюнча Өзбекстанда тажрыйба алмашты

Image

Самарканд шаарындагы ZARMED университетинде өткөн «Жасалма интеллект жана санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн келечеги» аттуу эл аралык илимий жыйынга Ош мамлекеттик университетинин беш окутуучусу катышты.

Конференцияга Базаргүл Апышова, Нургул Сейитбекова, Гулмира Сулайманова, Изат Юсупова жана Гүлсүн Токторбаева барды. Жалпысынан иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Индия, Түркия, Азербайжан, Тажикстан, Казакстандан келген окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана ЖОЖдордун өкүлдөрү катышып, заманбап технологиялардын өнүгүү багыттарын талкуулашты.

Илимий жыйында жасалма интеллектти билим берүүгө киргизүү, санариптик трансформация, инновациялык платформаларды колдонуу боюнча баяндамалар жасалды. Катышуучулар университеттерде санариптик экосистема түзүү, онлайн окутуунун сапатын жогорулатуу, студенттердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашты.

Сапардын алкагында ОшМУнун окутуучулары ZARMED университетинин студенттери үчүн конок лекцияларды окушту. Лекциялар интерактивдүү форматта өтүп, студенттер менен жандуу талкуу болду. Окутуучулар өзүн илимий-методикалык тажрыйбасы, изилдөөлөрү жана Кыргызстандагы билим берүүдөгү жаңы ыкмалар тууралуу айтып беришти.

Фото галерея