Түштүк аймагындагы стоматологдор санариптик дарылоону талкуулады

Башкы Жаңылыктар

Түштүк аймагындагы стоматологдор санариптик дарылоону талкуулады

Image

ОшМУда «Стоматологиядагы Формула 1: ылдамдык, тактык, инновациялар» деген аталыштагы  эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Анда өлкөнүн түштүк аймагындагы дарыгер-стоматологдор чогулду.

Конференцияга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген алдыңкы адистер да катышты. Катышуучулар заманбап стоматологиянын маанилүү маселелерин талкуулашты. Инновациялык технологияларды киргизүү, санариптик диагностика жана дарылоо, имплантация менен протездөөнүн жаңы ыкмалары, стоматологиялык жардамдын сапатын жогорулатуу каралды.

Жыйында жаш адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. ОшМУнун Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун ординаторлору баяндама жасашып, алар теориялык билимин, клиникалык ой жүгүртүүсүн жакшы деңгээлде көрсөтүштү.

Иш-чараны Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору уюштурду. Максаты практик дарыгерлер менен жаш адистер тажрыйба алмашып, кесиптик байланышты бекемдөө болууда. Ошондой эле заманбап дарылоо стандарттары жайылтуу керек.

Фото галерея