ОшМУга Жапониядан ыктыярчылар сабак берүү үчүн келет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга Жапониядан ыктыярчылар сабак берүү үчүн келет

Image

2026–2027-окуу жылынан тарта ОшМУнун Чыгыш таануу институтунда Жапониядан келген ыктыярчылар иштей баштайт. Бул тууралуу «Жапониянын эл аралык кызматташуу агенттиги» (JICA) уюмунун координатору Тахира Юкико менен жолугушууда макулдашылды.

28-апрелде Тахира Юкико университетке расмий иш сапары менен келди. Ал институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Тараптар студенттердин жапон тилин үйрөнүүсүн жакшыртуу, маданий алмашууну кеңейтүүнү, практикалык сабактарды күчөтүү боюнча сүйлөшүштү.

JICA ыктыярчыларынын келиши студенттерге жапон тилин түздөн-түз алардан үйрөнүүгө жана аталган өлкөнүн маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда Чыгыш таануу институтунда жыйырма студент жапон тилин үйрөнүп жатат. Алардын ичинен экөө Жапонияда академиялык мобилдүүлүк программасы менен билим алууда. Институтта «Жапон тили жана маданияты» борбору иштейт. Борбор тил үйрөтүп, маданий иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет.

Фото галерея