Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору Абдурашит Низамиев Сербиянын борбору Белград шаарындагы эл аралык конференцияда Кыргызстандагы туруктуу туризм тууралуу баяндама жасады.
XIV эл аралык илимий-практикалык конференция 21–25-апрель күндөрү Белград университети базасында уюштурулду. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн окумуштуулар жана адистер катышты. Иш-чаранын темасы «Аймактарды өнүктүрүү системасындагы туристтик-рекреациялык комплекс» деп аталды.
Пленардык жыйында Абдурашит Низамиев «Кыргызстандагы жашыл экономиканын бир бөлүгү катары туруктуу туризм» деген темада баяндама жасады. Ал өлкөдөгү туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин көтөрдү. Туристтик иш-аракеттерде экологиялык багытталган ыкмаларды ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү изилдөөнүн практикалык мааниси катары көрсөтүлдү.
“Конференциянын жүрүшүндө сербиялык географ-окумуштуулар менен илимий байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мунун негизинде келечекте эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да күчөтүү пландалууда”, –деди Низамиев.