Илимий тексттерди  мамлекеттик тилде жазуу маселеси талкууланды 

Башкы Жаңылыктар

Илимий тексттерди  мамлекеттик тилде жазуу маселеси талкууланды 

Image

Ош мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тил – илимдин тили: илимий тексттерди жазуу жана академиялык сабаттуулук” аттуу илимий жыйын өттү. Иш-чарада мамлекеттик тилдин илимдеги орду, кыргыз тилинде илимий текст жазуунун сапаты, академиялык сабаттуулукту өнүктүрүү маселелери каралды.

Жыйынга окумуштуулар, окутуучулар, мамлекеттик тил боюнча адистер жана студенттер катышты. Бир катар баяндамалар жасалды. Фарида Алиева кесиптик кыргыз тилин академиялык багытта окутууну интеграциялоо тууралуу айтып берсе, Назира Караева студенттердин академиялык жазуудагы көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдоруна токтолду. Ал эми Рахат Бекмуратова ОшМУда 2009–2025-жылдар аралыгында мамлекеттик тилде жарыяланган илимий эмгектерге жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгын сунуштады. 

Талкуу бөлүгүндө катышуучулар кыргыз илимий терминологиясын өнүктүрүү, илимий тексттердин сапатын жакшыртуу, мамлекеттик тилдин илимдеги ордун бекемдөө боюнча сунуштарын айтышты.

Иш-чара Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы тарабынан демилгеленди. Уюштуруучулардын айтымында, мындай илимий жолугушуулар мамлекеттик тилди илимдин тили катары өнүктүрүүгө, академиялык маданиятты калыптандырууга өбөлгө түзөт.

 

Фото галерея