11-июнда Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров Бишкекте өткөн «Заманбап кесиптик бирлик кызматташтыгынын ролу: түрк тилдүү мамлекеттердеги билим берүү жана илим тармактарынын туруктуу өнүгүүсү» форумуна катышты.
Жыйында катышуучулар эл аралык кесиптик бирлик кызматташтыгын өнүктүрүү, билим берүү жана илим системаларын өркүндөтүү, тармак кызматкерлеринин эмгек укуктарын жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо, билим берүү жана илимий мекемелердин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Форумда Кыргызстандын, Түркиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Румыниянын, Түндүк Македониянын жана башка өлкөлөрдүн тармактык кесиптик бирликтеринин жетекчилери, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү эксперттик коомчулуктун мүчөлөрү да болду.