10–13-июнь күндөрү ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана табият таануу концерциясы жана экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедраларынын базасында Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү.
Аталган курстар биринчи жолу келишимдик негизде уюштурулуп, анын натыйжасында университеттин атайын эсебине 97 миң 500 сом каражат түштү.
Курстарга Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты. Алардын катарында Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин, Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин, Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин, Кокон мамлекеттик университетинин, Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институтунун, Бухара мамлекеттик техникалык университетинин жана Навои мамлекеттик тоо-кен жана технологиялар университетинин окутуучулары болушту. Катышуучулардын арасында 4 илимдин доктору жана 6 PhD даражасына ээ окумуштуулар да болушту.
Программанын алкагында угуучулар үчүн заманбап илимий жана билим берүү багыттары боюнча лекциялар, практикалык сабактар, мастер-класстар жана талаа шартындагы окуулар уюштурулду. Ошондой эле алар институттун материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүү процессинде колдонулуп жаткан алдыңкы тажрыйбалар тууралуу маалымат алышты.
Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан сертификаттарга ээ болушту.
Иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды кеңейтүүгө багытталды.