ОшМУнун студенттери Өзбекстандагы эл аралык жаштар форумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери Өзбекстандагы эл аралык жаштар форумуна катышты

Image

Өзбекстандын Фергана шаарында 22–25-июнь күндөрү «Чек арадагы жаш тынчтык орнотуучулардын демилгеси» аттуу эл аралык билим берүү жана диалог программасы уюштурулду.

Программа Фергана өрөөнүндөгү чек ара кызматташтыгын чыңдоо, жаштардын өз ара ишенимин бекемдөө жана аймактык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталды. Форумга Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан, ошондой эле Өзбекстандын чек арага жакын аймактарынан 18–28 жаштагы активдүү жаштар катышты. Алардын катарында ОшМУнун студенттери да болду.

Төрт күнгө созулган иш-чаранын алкагында катышуучулар тынчтыкты бекемдөө, жаштар дипломатиясы, лидерлик, аймактык кызматташтык жана чек ара аймактарындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулап, тажрыйба алмашышты. Ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Иш-чара Өзбекстандын Жаштар иштери агенттиги тарабынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), Өзбекстандын Президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институту жана БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбору менен биргеликте уюштурулду.

Фото галерея