Темирлан Нурбеков Румыниянын Бухарест шаарында өткөн тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпионатында классика түрү боюнча чемпион аталды.
21–27-сентябрь күндөрү өткөн мелдешке Румыния, Чехия, Испания, Түштүк Корея, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жана Казакстандан сыяктуу 20дан ашуун өлкөдөн келген спортчулар катышты.
Темирлан Нурбеков мелдештин жүрүшүндө Казакстандын эки оюнчусу менен беттешти. Алардын бири менен тең чыгууга жетишсе, экинчисин 1:0 эсебинде жеңди.
Темирлан учурда ОшМУнун дене тарбия адистигинде билим алат. Тогуз коргоол менен 17 жылдан бери машыгып келе жаткан жаш спортчунун бул жетишкендигинде машыктыруучусу Мирбек Рахмановдун эмгеги чоң.