Курманалы Матикеевдин китеби эл аралык конгрессте таанытылды

Башкы Жаңылыктар

Курманалы Матикеевдин китеби эл аралык конгрессте таанытылды

Image

ОшМУнун профессору Курманалы Матикеев Түркиянын Артвин шаарында өткөн географиялык билим берүү боюнча эл аралык конгресске (ICGE/UCEK-2026) онлайн форматта катышып, илимий баяндама жасады.

Анда профессордун 2025-жылы АКШда англис тилинде жарык көргөн «Кыргыз улутунун тарыхый географиясы» (Historical Geography of Kyrgyz Nation) аттуу китебинин бет ачары өтүп, эмгек эл аралык илимий коомчулукка тааныштырылды.

Китепте азыркы Кыргызстандын аймагындагы жана андан тышкаркы тарыхый мамлекеттер менен саясий түзүлүштөрдүн пайда болушу, өнүгүшү географиялык өңүттөн талданат. Ошондой эле Борбор Азия, Алтай аймагындагы элдердин, анын ичинде кыргыздардын тарыхый калыптанышы географиялык анализдин негизинде чагылдырылган.

Конгресстин катышуучулары китеп менен таанышып, профессордун кыргыз элинин тарыхый географиясын изилдөөгө кошкон салымын белгилешти. Мындан тышкары конгрессте сунушталган профессордун илимий материалы атайын чыгарылыштагы илимий журналга жарыялоого тандалган эмгектердин катарына кирди.

«Кыргыз улутунун тарыхый географиясы» китеби АКШнын Конгрессинин китепканасында сакталат. Анын электрондук версиясы Amazon платформасында жеткиликтүү.

 

 

 

Фото галерея