22-октябрда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинде «Туризм + кытай тили» аттуу гиддер сынагы өттү. Ага факультеттин өзүнөн жана окуу борборлорунан келген студенттер катышты.
Катышуучулар кытай тилинде Кыргызстан менен Кытайдын кооз жерлери, тарыхы, маданияты тууралуу айтып беришти. Алар ошентип тил билүү деңгээлин, маалыматты жеткирүү чеберчилигин жана гиддик жөндөмүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыктылар сертификат, белектер менен сыйланды.
Сынак студенттердин кытай тили боюнча алган билимин иш жүзүндө колдонууга жана оозеки сүйлөө көндүмүн өнүктүрүүгө багытталды