Окуу жайдагы “математика” багытындагы PhD докторанттар менен биргеликте илимий-изилдөө иштердин жүргүзүлүүсүнүн методологиясын талкуулаган семинар өттү. Семинарда жекече иш планды толтуруу тартиби, PhD докторлук диссертациянын структурасы жана диссертацияны аткаруунун негизги этаптары боюнча маалыматтар берилди.
Семинар магистратура жана PhD докторантура департаменти тарабынан уюштурулуп, ага ОшМУнун PhD доктранттары, программа жана илимий жетекчилери катышты.
Учурда ОшМУда коомдук саламаттыкты сактоо жана медицинада 13, математикада 5 докторант бар.