Элнура Кудайбердиеванын "Таш очок" аңгемеси республикалык сынакта экинчи орунду ээледи

Главная Новости

Элнура Кудайбердиеванын "Таш очок" аңгемеси республикалык сынакта экинчи орунду ээледи

Image

Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу уюштурган жаш калемгерлер арасындагы аңгемелер сынагында Ош мамлекеттик университетинин кызматкери Элнура Кудайбердиеванын “Таш очок” аттуу чыгармасы экинчи орунду ээледи. Жеңүүчү 25 миң сом жана атайын диплом менен сыйланды.

Автор өз чыгармасында короодогу жөнөкөй таш очок аркылуу адам тагдырын көркөм чагылдырган. Аңгемеде жоголгон баалуулуктар, өкүнүч жана үмүт сыяктуу терең сезимдер сүрөттөлөт.

Бул сынакка жалпы элүүгө жакын чыгарма келип түшкөн. Калыстар тобу авторлордун аты-жөнүн жашыруун сактоо менен номерленген кол жазмаларды баалаган. Сыйлоо аземи 19-мартта Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун 70 жылдыгына арналган илимий конференциянын алкагында өттү.

Калыстар тобунун курамында белгилүү жазуучулар Аскар Ражабалиев, Мамат Сабыров жана Жыпар Исабаева болду.

Эске салалы: “Таш очок” аңгемеси ОшМУнун “Нур” гезитинин март айындагы санында жарыяланат.




 

Фотогалерея