
Бүгүн, 19-мартта Педагогика, искусство жана журналистика институту тарабынан “Жазда Нооруз утурлап, жаштарыбыз ыр сунат” аталышындагы студенттер аралык кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.
Анда таланттуу улан-кыздар ырдап, бийлеп, макал-лакап, жаңылмачтарды жана «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, кызыктуу оюн курушту. Майрамдык кеченин соңунда калыстардын баалоосу менен кыздар командасы жеңишке жетти. ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева активдүү катышкан студенттерге ыраазычылыгын билдирип, калыстар тобу менен биргеликте мактоо баракчаларын тапшырды.
Сармерден оюну студенттер ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө, маданий эс алуусун уюштуруу жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатында уюштурулган. Учурда ОшМУда Нооруз майрамына арналган түрдүү багыттагы иш-чаралар