
19-мартта ОшМУнун Медицина факультетинде Нооруз майрамына арналган иш-чара уюштурулду. Факультеттин жамааты тарабынан сүмөлөк кайнатылып, каада-салттар аткарылып, таланттуу студенттердин концерттик программалары коюлду.
Майрамдык иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам катышып, куттуктоо сөздөрүн жолдошту.
Учурда окуу жайдын бардык факультет, колледж жана лицейлеринде Нооруз майрамына арналган кечелер өтүп жатат. Анда концерттик прогаммалар тартууланып, улуттук спорттук оюндар уюштурулууда. Мындан сырткары улуттук тамак-аштар бышырылып, Нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк кайнатылууда.