
Түркиянын Памуккале университетинде билим алып жаткан студенттер Түрк дүйнөсү изилдөө коому тарабынан уюштурулган Невруз майрамына катышты.
Алар кыргыз элинин улуттук тамак-аштарын, буюмдарын көрүүчүлөргө тартуулашкан. Иш-чарага аталган окуу жайдын ректору Ахмет Кутлухан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КМШдан барган билим алуучулар күбө болду.
Учурда Памуккале университетинде ОшМУнун 22 студенти алмашуу программасынын алкагында билим алууда. Алар окуу жайда өткөрүлгөн түрдүү — маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышып келет.