
Ош облусунун жети районунан келген социалдык иштер боюнча адистер 17- марттан 22-мартка чейин окутуудан өттү. 72 сааттан турган окуу курсу ОшМУда болду.
Анда социалдык иштер боюнча адистердин компетенцияларынын технологияларына жана социалдык иштин инновациялык практикасына байланыштуу илимий-практикалык көндүмдөр көрсөтүлдү. Бул курс социалдык адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, билим алмашууга жана тармактагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
“Кыргызстандагы социалдык иштердин келечеги жана модернизациясы: кадр саясаты жана практикасы” аталышындагы окутуу өлкөдөгү социалдык иштер боюнча экинчи кышкы мектептин алкагында өткөрүлдү. Аны ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер кафедрасы жана квалификацияны жогорулатуу борбору уюштурду. Курстун жыйынтыгында угуучулар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарын беришти.