
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Оштогу өкүлдөрү ОшМУда калаадагы жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Анда 2023-жылы күчүнө кирген «Кыргыз Республикасынын жарандарынын милдеттүү медициналык камсыздандыруусу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана чет элдик студенттерди камсыздандыруу маселелери боюнча сөз болду.
Жыйында ЖОЖдордун чет элдик студенттер үчүн камсыздандыруу полистерин тариздөөдөгү кыйынчылыктары, алардын медициналык камсыздандырууга ээ болуусунун маанилүүлүгү, окуу жайлардын студенттерди камсыздандыруу боюнча маалыматтык жана уюштуруучулук иш-чараларга катыштыруусу сыяктуу маселелер каралды.
Фонддун өкүлдөрү университеттер чет элдик студенттерди камсыздандыруу боюнча маалымат таратууда чоң роль ойной турганын белгилешти. Медициналык камсыздандыруу студенттерге зарыл болгон учурда убагында медициналык жардам алууга жана алардын каржылык жүгүн жеңилдетүүгө шарт түзөрүн кошучалашты. Ошондой эле ЖОЖдорду чет элдик студенттердин камсыздандыруу механизмдерин жакшыртуу боюнча иштерди улантып, бул процесске активдүү катышууга чакырды.