16-июнда өткөн кезектеги жыйынга Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов, кеңештин мүчөлөрү, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, тиешелүү адистер катышты.
Күн тартибинде төрт маселе каралды. Алар:
- А.Мамыров көчөсүнүн №99 дарегинде жайгашкан, эски автоунаа тетик базары болуп турган 68350 чарчы метр жер ОшМУга өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу жана аны жеңил атлетика түрү боюнча, Ош шаарындагы спортчулардын машыгуусуна шарт түзүү, өздөштүрүү үчүн каражат бөлүп берүүнү кароо;
- Экономика бизнес жана менеджмент институнун алдындагы “ОшМУнун социалдык-экономикалык проблемаларды изилдөө борборунун жобосун” кароо;
- ОшМУ тарабынан 2025-2026 окуу жылына карата билим берүү тармагындагы акы төлөнүүчү тейлөөлөр боюнча түзүлгөн тарифтик прейскурантты кароо;
- ОшМУнун “Үмүт” пансионатынын акы төлөп кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтик прейскурантын кароо.
Жыйында күн тартиби боюнча маалыматтар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Кудайберди Кожобеков университетте аткарылган иштер, алдыдагы пландар боюнча тааныштырды.