ОшМУда ардаргер кызматкерлерге сый көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ардаргер кызматкерлерге сый көрсөтүлдү

Image

Бүгүн, 7-октябрда Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген жана ардактуу эс алууда жүргөн улгайган кызматкерлерге сый көрсөтүлүп, дасторкон жайылды. 

Анда атайын концерттик программа тартууланып, окуу жай жетекчиси майрам ээлерин куттуктады. Кесиптик бирлик тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Майрамдык иш-чарага 450дөн ашуун ардагер катышты. Иш-чара ректор Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен 1-октябрь — Карыялардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Негизи окуу жайда улгайган кызматкерлер үчүн ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп келет. Алсак, кесиптик бирлик тарабынан эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн атайын жолдомолор дагы берилип турат.

 

Фото галерея