Мугалимдер күнүнө карата ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун куттуктоосу

Башкы Жаңылыктар

Мугалимдер күнүнө карата ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун куттуктоосу

Image

Урматтуу агай-эжейлер, ардактуу устаттар, кадырлуу кесиптештер!

Сиздерди эң кымбат, эң ыйык кесиптердин бири мугалимдердин кесиптик майрамы — Мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ар бир кесиптин башатында мугалим турат. Дарыгерди да, инженерди да, илимпозду да, жетекчини да, чыгармачыл инсанды да билимге алгач жетелеген мугалим.

Ошондуктан мугалимдин эмгеги эч качан убакыт менен өлчөнбөйт. Анын берген билими, айткан акыл-насааты жана студентине көрсөткөн ишеними адамдын өмүр жолунда из калтырат.

ОшМУда эмгектенип жаткан ардактуу  агай-эжейлер!

2025-2026- окуу жылы окуу жайыбыз үчүн ийгиликтүү жылдардан болду.  Биздин окуу жайга берилген Өзгөчө макам университетибиздин өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып келе жатат.

Эл аралык аренада да ОшМУнун орду бекемделүүдө. QS Rankings Asia 2026 рейтингинде университетибиз Азиядагы 1526 окуу жайдын ичинен 316-орунду, Борбор Азия боюнча 22-орунду ээледи. Ошондой эле QS Sustainability рейтингинде дүйнөлүк ТОП-1500 университеттин катарына кирди. Бул жетишкендиктердин артында сиздердин көп жылдык эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана изденүүңүздөр турат.

Илим жаатында да жылыштарыбыз арбын. Жыл ичи ОшМУда 5 доктордук, 39 кандидаттык жана 8 PhD диссертациясы корголду. Окумуштууларыбыздын жүздөгөн эмгектери эл аралык Scopus базасында индекстелген илимий басылмаларда жарыяланды. Жаңы илимий борборлор ачылып, илимди өндүрүш жана инновация менен байланыштыруу багытында маанилүү кадамдар жасалды. Алардын катарында «Спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо» борбору, «Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык борбору», «Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар» консалтинг борбору сыяктуу жаңы багыттар бар.

Мунун баары университетте «ЖОЖ — илим— өндүрүш — коммерциялаштыруу» байланышын бекемдөөгө багытталган. Илимдин жыйынтыгы коомго жана өндүрүшкө кызмат кылышы керек деген түшүнүк иш жүзүндө жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө.

Медициналык билим берүү жана практикалык медицинада да тарыхый жетишкендиктер жаралды. Университетибиздин Медициналык клиникасында 8 ирет бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) жана 5 ирет боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалып, түштүк аймактагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Учурда жаңы, заманбап 7 кабаттуу медициналык клиника ишке берилүүгө даярдалып жатат. Бул жай келечекте билим берүү, илим жана клиникалык практиканын ири борборуна айланат.

Билим берүүдө санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. MyEDU платформасы, онлайн билим берүү ресурстарын камтыган mooc.oshsu.kg порталы студенттердин окуусун жеңилдетип, жеке билим алуу траекториясын түзүүгө шарт түзүүдө.

Эл аралык байланыштарыбыз да кеңейип, чет өлкөлүк университеттер менен жаңы келишимдер түзүлүп, кош дипломдуу программалардын саны өсүүдө. Бүгүнкү күндө студенттерибиз дүйнөнүн отуздан ашуун өлкөлөрүндөгү өнөктөш окуу жайларда билим алып, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышууда.

Ошондой эле Кытайдын компаниясы менен биргеликте «Келечек муундун ХАБы» робототехника борбору иштеп жатат. Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA), Токио илим институтунун жардамы менен Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарындагы абанын сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөй турган автоматташтырылган илимий станция ишке берилди. Станция абанын булганышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, маалыматтарды автоматтык түрдө чогултат. Алынган маалыматтар Ош шаарындагы абанын булгануу деңгээлин так аныктоого жана экологиялык көйгөйлөрдү илимий негизде изилдөөгө жардам берет.

Кытайдын Тяньцзинь транспорттук кесиптик институту менен биргеликте жаңы окуу жылында «Лу Бан өнөрканасын» (Lu Ban Workshop) ачуу пландалууда. Бул эл аралык инновациялык борбордо өлкөбүздүн эмгек рыногунда абдан таңсык болгон төмөнкү эки негизги багыт боюнча заманбап адистер даярдалат:

  • Логистика багыты: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталып, өлкөбүз транзиттик хабка айланып жаткан шартта, эл аралык жүк ташууну жана жеткирүү чынжырларын башкарууну дүйнөлүк стандартта үйрөтөт.
  • Жаңы энергетикалык унаалар (Электромобилдер): Жашыл экономикага өтүү саясатынын алкагында, өлкөдө электромобилдерди тейлөө, оңдоо жана алардын жогорку технологиялык тутумдары менен иштөө боюнча заманбап инженер-техниктерди даярдайт.

Студенттерибиздин жетишкендиктери да биз үчүн чоң сыймык. Алар илимде, чыгармачылыкта жана спортто өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп келишет.  ЖОЖдордун ичинен түзүлгөн жалгыз кесипкөй “ОшМУ” футбол клубу өлкөнүн Премьер-Лигасында ийгиликтүү оюн көргөзүүдө. Футбол федерациясы тарабынан окуу жайга 7 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди, ага заманбап футбол академиясы жана ири спорт комплекси курулат. «Университет — ОшМУ» волейбол командасы Жогорку лигада чемпион аталып, кыз-келиндер командасы Улуттук лигада байгелүү орунду ээледи. Баскетбол боюнча «БК Университет ОшМУ» командасы өлкө чемпионатында ийгилик жаратууда. Студенттерди колдоо максатында президенттик стипендия, «Атуулдук стипендия», «ОшМУнун TOP–20 студенти» жана Каныбек Исаков атындагы стипендия сыяктуу дем берүүчү программалар ишке ашырылып келет.

Жаштар ишкердиги жаатындагы эң ири улуттук иш-чаралардын бири болгон «Expo жаштар стартаптары – 2026» сынагында Ош мамлекеттик университетинин Enactus OshSU командасы жеңишке жетишип, өлкөнүн чемпиону аталды. Эми команда ушул жылдын 16–19-ноябрь күндөрү Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтө турган Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогунда өлкөбүздүн намысын коргойт. Дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнөн келген командалар катышкан бул абройлуу мелдеш жаштар ишкердиги, инновация жана туруктуу өнүгүү жаатындагы эң ири эл аралык аянтча болуп саналат.

Мунун баары университетибизде билим берүү менен катар студенттин илимий, чыгармачылык жана инсандык өсүүсүнө да кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын көрсөтөт.

Ардактуу агай-эжейлер!

Бүгүнкү Ош мамлекеттик университетинин жетишкендиктерин бир гана сандар менен өлчөөгө болбойт. Ар бир ийгиликтүү студенттин, ар бир илимий эмгектин, ар бир жаңы долбоордун артында сиздердин мээнетиңиздер турат.

Дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан бүгүнкү күндө мугалимдин жоопкерчилиги дагы да жогорулады. Санариптик технологиялар, жасалма интеллект, жаңы кесиптер жана заманбап билим берүү ыкмалары окутуучудан дайыма изденүүнү жана жаңыланууну талап кылууда. Сиздер ушул өзгөрүүлөрдүн башында туруп, жаш муунга билим гана бербестен, аларды өз алдынча ой жүгүртүүгө, изденүүгө, мекенчил болууга жана коом алдындагы жоопкерчилигин сезүүгө тарбиялап келесиздер.

Университетибиздин ардактуу эс алууга чыккан ардагер окутуучуларына да өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздер түптөгөн билим берүү салты, илимий мектептер жана тарбиялаган шакирттер бүгүнкү ОшМУнун бекем пайдубалын түзөт.

Ардактуу устаттар!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык дем жана илимий-педагогикалык ишиңиздерде жаңы бийиктиктерди каалайм. Ар бир сабагыңыздар жемиштүү, ар бир шакиртиңиздер ийгиликтүү болсун. Эмгегиңиздер ар дайым татыктуу бааланып, тарбиялап өстүргөн жаштар сиздердин сыймыгыңыздар болуп жүрө берсин!

Ош мамлекеттик университетинин өнүгүүсүнө кошкон зор салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Кадырлуу агай-эжейлер, кесиптик майрамыңыздар — Мугалимдер күнү кут болсун!

Элибизде тынчтык, жергебизде береке, университетибизде ынтымак жана ийгилик болсун!