Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер!
Ардактуу студент достор!
Окуу жайыбыздын гимназия-лицейлеринин, мектепке чейинки билим берүү борборлорунун окуучулары!
Баарыңыздарды 1-сентябрь билим майрамы, 2022-2023-окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүн биз тынымсыз өзгөрүп, жаңыланып жаткан дүйнөдө жашап жатабыз. Биз дагы кирип келген окуу жылын жаңы ийгиликтер, жаңы максаттар, стратегиялык пландар менен баштоонун алдында турабыз. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өлкөдөгү алдыңкы 5 окуу жайга өзгөчө статус берилди. Анын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Өзгөчө макамдын негизги максаты - окуу жайды 4-муундагы университетке трансформациялоого өбөлгө түзүү болуп саналат. Президенттин тапшырмасы боюнча жакынкы 5 жылдын ичинде биз кескин кадамдарды жасап, дүйнөлүк рейтингдеги алдынкы университеттердин катарына кирүүбүз керек. Өзгөчө статус алган окуу жайлар үчүн академиялык, финасылык жана башкаруу саясатынын эркиндигинин берилүүсү окуу жайдын бийик максаттарын ишке ашырууга толук мүмкүндүчүлүк түзөт.
Өлкөдөгү бир топ окуу жайлар кайра түзүлүп, айрым институт, академиялар университеттерге бириктирилди. Ушул ирилештирүү саясатына ылайык түштүк аймагында юристтерди даярдаган ири оку жай Ош мамлекеттик юридикалык институту, Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейи, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски аймагы менен бүтүндөй базасы ОшМУнун карамагына өттү. Бул мекемелердин аймагына ири курулуштарды баштап жатабыз. Учурдан пайдаланып окуу жайдын курамына кошулган мекемелердин студенттерин жана жамаатын жаңы окуу жылы, Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Биз биригип ынтымак менен бийик максаттарды ишке ашырабыз .
Өткөн окуу жылында бир топ алгылыктуу иштерди жасаганга жетиштик.
ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР
ДҮЙНӨЛҮК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯ ЖАНА РЕЙТИНГДЕРГЕ КАТЫШУУ
ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ
Төртүнчү муундагы окуу жай ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ - үч компонентти бирдиктүү ишке ашырышы керек. Билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр, долбоорлор өндүрүшкө багытталып, жергиликтүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуусу абзел.
Жаңы окуу жылынан тарта окутуунун кредиттик технологиясын толук түрдө университеттин окуу процессине киргизип жатабыз. Башкача айтканда студент өзү каалаган дициплиналык курсту жана окутуучуну эркин тандап, тиешелүү кредиттик сааттарды өздөштүрөт. Ошондой эле студент тандаган кредиттик сааттары үчүн эркин төлөм жүргүзүп, мүмкүнчүлүгүнө жараша окуу жүктөмдөрүн аткара алат. Бул кадамдар күчтүү атаандаштыкты жаратып, билим берүү сапатына түз таасир этет жана академиялык эркиндикти, чынчылдыкты камсыз кылат.
Жогорку окуу жайларга илим-изилдөө багытында өзгөчө талаптар коюлду. Ар бир изилдөө, илимий эмгектер жана долбоорлор өндүрүш менен тыгыз байланышта болуп, ЖОЖ-илим-өндүрүш компоненттери бирдикте ишке ашырылышы керек.
ЖАҢЫЛАНГАН ИНФРАСТРУКТУРА - ЖАГЫМДУУ АТМОСФЕРА
Өткөн окуу жыл ичинде ОшМУда 20дан ашуун окуу корпустар, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү: Димедиус жана морфология окуу комплекси 2 кабаттуу эки окуу имаратынын курулушу, ОшМУнун жогорку билим берүү программалар мектебинин 5 кабаттуу окуу имаратынын, “Билим” лицейинин 3 кабаттуу окуу имаратынын курулушу аяктады. Медициналык клиниканын операциялык, жандандыруу жана хирургия бөлүмдөрү, стоматологиялык клиника ишке кирди.
ОШМУ САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫН ИШКЕ АШЫРУУДА АЛДЫДА
Санарип чөйрөсүндө ички документ айлантуудан баштап, окутуучулар, кызматкерлер, студенттер эч кандай кагаз көтөрүп жүрбөстөн мобилдик тиркемелер менен өзүнүн окуу жадыбал, сабакка катышуу ж.б. кыймыл-аракеттерин толук түрдө электрондук форматта ишке ашырууда. Жаңы окуу жылынан тарта ОшМУга тапшырган абитуриенттер электрондук түрдө арыз калтырып, ал арыз автоматтык түрдө АВН системасына катталууда. Мында убакыт үнөмдөлүп, абитуриенттер, ата-энелер, кызматкерлер үчүн бир топ ыңгайлуулук жаралды. Ал эми окуу жайдын электрондук платформасы толугу менен максималдуу ишке ашты: Электрондук журнал, электрондук силлабус, электрондук архив, электрондук жадыбал, электрондук айланма баракча, электрондук табель, электрондук оорукана, онлайн шайлоо системасы, “ОшМУ окутуучу”, “ОшМУ студент”, “ОшМУ абитуриент” тиркемелери реалдуу иш-аракеттерде колдонулуп жатат.
Аталган программалар ОшМУнун программист-адистери тарабынан түзүлүп, КРдин Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан тастыктоочу күбөлүктөрү алынды.
ОШМУ СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧЕКСИЗ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ОРДОСУ
Университеттин негизги көрсөткүчү сапаттуу бүтүрүүчү болуп саналат. Биз жаштарга канчалык шарт түзсөк, алар ошончолук деңгээлде окуу жайдын аброюн көтөрүшөт. Илимий, чыгармачылык, спорттук, ишкердик, жаратмандык үчүн окуу жайда жетиштүү деңгээлде база жана колдоо болуусу абзел. Бардык багыттар боюнча окуу жайыбызда борборлор иштейт.
Урматуу кесиптештер, студент достор! Биз көз ирмемдик тездик менен өзгөрүп, өнүгүп жаткан дүйнөдө атаандаштыкка дайым даяр болуубуз керек. Алдыбызга коюлган милдеттерди дилгирлик менен кабыл алып, болгон ресурстук, илимий, кесиптик, инсандык потенциалыбызды колдонуп, ынтымак-биримдигибизди көрсөтүп дагы чоң бийиктиктерди багынтабыз деп ишенем.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Ош МУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков