Бул тууралуу Административдик чарба департаментинин директору Алтынбек Зайнидинов төмөнкүдөй маалыматтарды берди.
- 2021-2022-окуу жылын жыйынтыктап жатып биз жаңы окуу жылына жай ичи даярдыктарды көрдүк. Алгач курулуш иштерине токтоло турган болсок Түштүк-чыгыш Кампусунда китепканасы менен 5 кабаттуу окуу имаратынын курулушун баштадык. Бул окуу имараттын курулуш иштери 2022-жылдын май айынан тартып кызуу жүрүп жатат. Азыркы учурда, жогорку кабаттарынын куруу иштери уланууда.
Август айынын башында Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети үчүн 5 кабаттуу ветеринардык окуу корпусунун курулушуна капсула салынды. Учурда пайдубалын түптөө иштери жүрүп жатат. Ветеринардык клиниканы да жаңы окуу жылына бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалган. Билим лицейи үчүн курулуп жаткан имараттын да курулушу толук аяктады. Сентябрда пайдаланууга берүү пландалып жатат.
-Окуу корпустарда, жатаканаларда дагы кандай курулуш иштери жүрдү?
-Быйыл биз өзгөчө маданияттын башаты башталган ажатканаларды куруу, оңдоп-түзөө иштерине көбүрөөк басым жасадык. Айталы, Чыгыш таануу жана тарых факультети үчүн эскилиги жеткен ажаткананын ордуна 11 бөлмөлүү заманбап ажаткана курдук. Кыргыз-Европа факультети жана борбордук китепканага тиешелүү ажаткананы, Бизнес жана менеджмент факультетинин сырткы ажатканаларын жаңыладык. Ал эми Педагогика, психология факультетинин ажатканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
-Байкашыбызча башкы имаратта да тынымсыз оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатты бул боюнча да айта кетсеңиз?
- Башкы корпус жана КАМПУС аймагына банкомат жана терминалдар үчүн жеңил типтеги кичи имараттарды курдук. Буга чейин банкоматтар окуу жайдын ичинде орун алгандыктан айрым учурда студенттердин көп топтолуп кеткендигин байкоого болот эле. Азыр короонун кире беришине атайын имарат курдук, анын ичинде тейлөө банкоматтары да көбөйтүлдү. Ошондой эле административдик чарба департаменти үчүн жеңил типтеги кошумча имарат салынды.
-Толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өтүп пайдаланууга берилген окуу корпустары жана окуу кааналары жөнүндө айтсаңыз?
- Быйыл да башка жылдардай эле окуу корпустары, окуу кааналары толук оңдоп-түзөөдөн өттү десек жаңылышпайбыз. Атап айтсак:
Мындан сырткары башкы имаратты ала турган болсок 2-3-кабаттагы аудитория жана кабинеттердин полдорун оңдоп-түзөп, паркет басуу иштери жүрдү. Тротуарды кеңейтүү үчүн тосмону жылдыруу, №117 жана №110 кааналардын ички ремонту, желдетүү жана кондиционерлерди орнотуу иштери жүрдү. Илимий китепкананын жер төлөсүн капиталдык ремонттоо иштери болду.
Берген маалыматтарыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ишиңиздерде ийгиликтер болсун!
Белгилей кетсек, окуу жайда бул сыяктуу оңдоп-түзөө, курулуш иштери жыл ичи уланып келет. Учурда кышка даярдык иштери да кызуу жүруп жатат.
Мындан ары да университеттеги ар бир стуруктуралардагы аткарылган иштер боюнча маалыматтарды берүү уланатылат.
Маектешкен: ОшМУнун басма сөз кызматы