Белгилүү окумуштуу, педагогика боюнча ЖОЖдор жана мектеп мугалимдери үчүн окуу китептерин, усулдук колдонмолорду кыргыз тилинде биринчи жарыкка чыгарган илимпоз Бекембай Апышевдин 90-жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция Педагогика жана психология факультетинде болду. Конференцияны педагогика кафедрасынын башчысы Гулмира Жутанова менен жамааты биргеликте уюштурду.
Ага ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев, Лейлектеги №3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен өкүлдөр, Педагогика кафедрасынын окутуучулары катышты.
Илимий-практикалык конференцияда Б.Апышевдин бейнесине арналган, анын педагогикалык ишмердүүлүгү, эмгектери боюнча докладдар окулду.
Бекембай Апышев 1974-жылы Москвадагы СССР педагогика илимдер академиясында кыргыз агартуучуларынан биринчи болуп элдик педагогиканын материалдарынын негизинде кандидаттык диссертациясын коргогон алгачкы окумуштуу.
Ал эми 1993-жылы профессор наамына ээ болгон. Педагогика илими боюнча бир топ баалуу китептердин автору. Б.Апышев педагогика илимине ийгиликтүү салым кошуу менен ОшМУнун өнүгүшүнө да зор пайдасын тийгизген.