Алгачкы жолу ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде хирургия боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада болду. Ага Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан, Эл аралык жогорку медициналык мектептен, Кыргыз-Россия славян университетинен жана ОшМУдан 7 команда катышты.
Студенттик олимпиадада катышуучулар хирургиялык, лапароскопиялык операцияларды жасоо, жараатты тигүү, кан тамырларды туура реконструкциялоо боюнча тапшырмаларды аткарышты.
Жыйынтыгында, гран прини жана 1-орунду Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 2 командасы алды. Ал эми 2-орунга Кыргыз-Россия славян университетинин, 3-орунга ОшМУнун командалары татыктуу болду.