ОшМУда жарыяланган Сергек жашоо жана ден соолук жылынын алкагында бүгүн, 7-июнда окуу жайдын педагогика жана психология факультетинин улук окутуучусу Канибек Джанибаев окуу жайдын башкы корпусунан Бишкекти көздөй жөө жолго чыкты.
Жөө күлүк Канибек Джанибаев 10 күндүн ичинде Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтына чейинки аралыкты чуркап өтүүнү көздөйт. Аны 10 күн бою атайын топ коштоп жүрөт. Жөө күлүктү окуу жайдын стуруктура жетекчилери, факультеттин жамааты коштоп чыгып, ак бата берип узатышты. Жөө күлүк мындай саамалыкка бир топ убакыттан бери даярдык көрүп жүргөн.