ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин студенти Байыш кызы Айтунук билимге, илимге, спортко жана маданиятка кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүүлүгү үчүн «КМШнын мыкты студенти-2023» сыйлыгына ээ болду.
Байыш кызы Айтунукка «Бобек» улуттук кыймылы ассоциациясынын II даражадагы диплому жана «КМШнын мыкты студенти-2023» медалы тапшырылды. Илимий жетекчиси, т.и.к., доцент Гулназ Чыныкеевага "Ыраазычылык кат" жолдошту.
Буга чейин мындай сыйлыкка ОшМУнун башка факультеттеринин студенттери да ээ болгон.