Медицина кызматкерлери ден соолукту чыңдоодогу маселелерди талкуулашты

Башкы Жаңылыктар

Медицина кызматкерлери ден соолукту чыңдоодогу маселелерди талкуулашты

Image

30-ноябрда ОшМУнун медицина факультетинде Ош, Баткен облустарындагы санитардык көзөмөл кызматынын жетекчилери, иш берүүчүлөр жана эпидемиологдордун катышуусунда конференция болду. 

Жыйында келечектин медицинасы болгон профилактика жана анын ден соолукту чыңдоодогу ролу талкууланды. Ошондой эле учурдагы коомдук саламаттыкты сактоо маселелери, "Медициналык алдын алуу иши" адистигин өнүктүрүүнүн маанилүү көйгөйлөрү, чечүү жолдору айтылды.

Мындан сырткары медицина тармагында билим алган студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берилди. Андан сырткары коомдук саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн келечеги каралды.

Конференцияга ОшМУнун коомчулук менен байланышуу жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, медицина тармагында билим алган студенттер, ата-энелер катышты. 

Иш-чараны коомдук саламаттыкты сактоо жана эпидемиология, микробиология, жугуштуу оорулар курсу жана кафедралар уюштурган. Мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттерге Ардак грамоталар, ата-энелерине Ыраазычылык кат тапшырылды. Жемиштүү кызматташуусу үчүн иш берүүчүлөргө Медицина факультетинин Ардак грамотасы берилди.

 

Фото галерея