ОшМУда "Мектеп окуучуларына чыгыш тилдерин окутуунун зарылчылыктары, келечеги жана айрым көйгөйлөрү” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Иш-чара 25-январда уюштурулуп, ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманова жана калаадагы 70 мектептин директорлору катышты.
Катышуучулар мектеп окуучуларына чыгыш тилдерин (араб, түрк, фарси, кытай, корей, япон) окутуу зарыл экенин белгилешти. Бул багытта ОшМУнун Чыгыш таануу институту менен кызматташат.
Тегерек столду Чыгыш таануу институту менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы биргеликте уюштурган.
Учурда институтта жалпы 300дөн ашуун студент билим алат. Аларга чыгыш таануу, африка таануу, лингвистика, филология багыттарында чыгыш (араб, түрк, фарси, кытай, корей, япон) тилдери, конфликтология окутулат.