
Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө жана майыптыгы бар жаштар үчүн тоскоолдуктарды жоюуга багытталган илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Анда физикалык, санариптик инфраструктураны модернизациялоо, инклюзивдик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ченемдик укуктук базаны чыңдоо, кесиптик курстарды жана окутуу программаларын иштеп чыгуу сыяктуу сунуштар берилди. Конференцияга жогорку окуу жайлардын, мекеме-уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, магистранттар, студенттер катышып, илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча баяндамаларды жасашты.
Ошондой эле ОшМУнун ички гранты тарабынан колдоого алынган «Майыптыкты изилдөө жана майыптыгы бар жаштарга маалыматтык - консультациялык колдоо борборунун виртуалдык платформасын түзүү» илимий изилдөө долбоорунун негизинде алынган маалыматтар айтылды. Мындан сырткары Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын “Кыргызстандагы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү” аттуу изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча сөз болду.
Иш-чаранын алкагында ОшМУнун Enactus командасы «GFinger» жана «GFace» долбоорлору боюнча презентация жасашты.
Конференецияны Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер кафедрасынын алдындагы Социалдык клиника уюштурду.