Франциянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Франциянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду

Image

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай бүгүн, 14-апрелде ОшМУда болуп, ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолукту. Анда ректор окуу жайдын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Франциянын университеттери менен кызматташуулар тууралуу да сөз кылды. 

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Франциянын окуу жайларынын алакасын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, илим изилдөө, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча пикир алышты. Ошондой эле тилди жеңил усул менен үйрөтүү багытында борборлорду ишке киргизип, француз тилин окуткан окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, керектүү окуу куралдары менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.  

Элчи француз тилин окутуу багытында студенттерге көбүрөөк маалымат жеткирип, аларды курстарга тартууга көмөк көрсөтүү боюнча сунушун айтты. Жыйындан соң Николя Фай окуу жайда француз тилин сабак берген окутуучулар жана студенттер менен баарлашып, концерттик программага күбө болду. 

Ушул тапта ОшМУда Франциядан бир жылдык мөөнөткө келген эки волонтер окутуучу студенттерге билим берүүдө.

Окуу жай Франциянын Пуатье университети менен 2023-жылдын февраль айында кызматташуу келишимине кол койгон. Учурда эксперименталдык тайпалар француз тилин өздөштүрүп жатат. Студенттер эки жыл ичинде тилди В2 деңгээлинде үйрөнүшөт. Кийин Франциянын стипендиялык программаларына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

Фото галерея